Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы мектепке кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн нускамасы

КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:

  1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?
  • Атасы;
  • Апасы;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
  1. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Уюлдук телефон номери;
  • (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
  • Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
  • Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
  1. Бала тууралуу маалыматтар:
  • Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.
  1. Мектепти тандоо:

Биринчи этап боюнча:

  • Эңсеген окутуу тили;
  • Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.

Экинчи этап боюнча:

  • Эңсеген окутуу тили;
  • Областы/шаары;
  • Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.
  1. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:
  • Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
  • Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.