2020-жылдын 1-сентябрында кичинекей, уялчаак биринчи класстын окуучулары мектепке келишти. Жана бүгүн алар АБВ менен коштошушат! ЖАШАСЫН! 1 А «Алиппе»- билимдердин башаты, анткени алты, жети жашка чыккан баланын билим дүйнөсүнө эшик ачып, алгачкы кадам ташташы ушул окуу китебинен башталат. Бала ушул окуу китептен тамга таанып, тамгаларды кураштырып сөз, сүйлөм курап…
Бүгүн, 12-декабрь - улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Биздин мектеп-гимназиябызда да залкар жазуучубузга арналган сабактар, иш-чаралар ѳткѳрүлүп жатат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгѳн 10-класстар арасында « Жазуучунун чыгармаларына саякат» аттуу онлайн акыл таймашы , 11-класстар арасында «Чынгыз Айтматов дүйнѳсү» аттуу онлайн интеллектуалдык таймаш ѳттү.