Кант шаарынын Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары 2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун “Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн аталар жөнүндө маек жана “Манас” эпосу жөнүндө маек” темасында өтүлгөн ачык сабагына түз эфирде онлайн катышышты. Ачык сабакта Мамлекеттүүлүктүн калыптанышында жана иштешинде мамлекеттин өзөгү болгон , тарыхтын ар бир этабында мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү болгон аталар тууралуу окуучулар маалымат алышты. Окуучуларга улуттук нарк-насил, кыргыз улутун түптөгөн аталардын эмгектери, мугалимдик чеберчилик тууралуу кызыктуу маалыматтарды бөлүшүү менен бирге окуучулардын тарбиясына таасир калтыруучу турмуштук сабактардан да айтып беришти. Окуучулар кызыгуу менен угуп, түшүнүп жатышты. Сабактан кийин окуучулардын мекенчил сезими ойгонуп,мамлекетибизге кызмат кылып, үлүшүбүздү кошобуз деген ойлор менен кетишти. Сабак эң жогорку деңгээлде, таасирдүү сабак болду. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Ушундай сабактар көп болуусун каалайт элек.

Новости

Мы в цифрах

80
Лет школе
1243
Количество учеников
141
Выпускников в год
3555
Книг в библиотеке