АЛИППЕ майрам
2020-жылдын 1-сентябрында кичинекей, уялчаак биринчи класстын окуучулары мектепке келишти. Жана бүгүн алар АБВ менен коштошушат! ЖАШАСЫН!
1 А |
«Алиппе»- билимдердин башаты, анткени алты, жети жашка чыккан баланын билим дүйнөсүнө эшик ачып, алгачкы кадам ташташы ушул окуу китебинен башталат. Бала ушул окуу китептен тамга таанып, тамгаларды кураштырып сөз, сүйлөм курап жазып, сабаттуу окуганды үйрөнөт. Биринчи класска келген жаш бөбөктүн алгачкы ачып окуган китеби дал ушул АЛИППЕ китеби болуп саналат. Ошондуктан Алиппени окуп бүткөн кийин «Кош бол Алиппе!» майрамын өткөрүү бул биринчи класстын окуучулары үчүн чоң майрам жана билимге карай шилтеген алгачкы кадамы экендиги айдан ачык. Биздин мектепте дагы «Кош бол Алиппе!» майрамынын салтанаты болуп өттү.
Комментарии