«Манас таануу»
2026-жылдын 21-февралында Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1 жалпы билим берүү мектеби базасында республикалык “Манас таануу” телетаймашынын жана “Жаш манасчылар” кароо-сынагынын райондук баскычы болуп өттү.
Сынакка Манас улуттук театрынын директору Талантбеков Нурбек жана театрдын кызматкерлери катышып, калыстар тобунун курамында иш алып барышты.
Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Эл биримдиги” командасы сынакта жигердүү катышып, өздөрүнүн терең билимин жана мыкты даярдыгын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында командабыз 2-орунду багындырды.
Мектеп жамааты “Эл биримдиги” тобун куттуктайт жана мындан аркы ийгиликтерди каалайт!
Комментарии